ЭЛДИК ВИДЕО: "Despacito" испан тилиндеги «Macarena» чыгармасынын популярдуулугун улады

SUPER.KG порталынын “Элдик видео” бөлүмүнө "Despacito" - дүйнөгө хит болду" деген аталыштагы видео жүктөлдү. Чыгарманын автору жана аткаруучусу пуэрто-риколук музыкант Луис Фонси. "Despacito" ырын вокалист Дедди Янки менен биргеликте аткарган. "Despacito" сөзүн испан тилинен которгондо "акырын", "тымызын" дегенди түшүндүрөт. Ушул жылдын башында чыккан бул чыгарманы You Tube'дан 2 миллиарддан ашык колдонуучу көргөн.

Ашыктык сезимдери, махабат мамилеси жазылган "Despacito" ыры «Macarena» чыгармасынан кийинки испан тилиндеги дүйнөгө хит болгон ыр. «Macarena» 1996-жылы чыккан.

Ушул жылдын апрель айында ырчы Жастин Бибер сөз болуп жаткан чыгарманын ремикс версиясын ырдап чыгып, бул ырдын популярдуулугун арттырды.



"Despacito" - дүйнөгө хит болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан