Садыр Жапаровдун иши боюнча кийинки соттук отурумда жарыш сөздөр айтылат

Бүгүн, 21-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анда сот Эмил Каипов мамлекеттик айыптоочунун, жактоочунун жана айыпталуучунун сунуштаган тергөө материалдарын окуп берди. Андан соң иштин материалдарын териштирүү аяктаганын айтты.

"Кийинки отурумда жарыш сөз болот. Жарыш сөздүн алдына тараптардын арыз өтүнүчтөрү каралат. Мыйзамга ылайык, биринчи жарыш сөз мамлекеттик айыптоочуга берилет. Баарыңыздар жарыш сөзгө даярданып келгиле”, - деди сот.

Кийинки сот отуруму 24-июлда уланат.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kayratbek81
2017-07-21 22:07:09
Садыр Жапаров акталып слышат,кудай буйруса
+1
kayratbek81
2017-07-21 22:07:50
Акталып чыгат
+2
abusait
2017-07-22 05:41:01
Акый айтыш болоткенда..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан