Бүгүн, 27-июлда улуттук суусундуктар менен калкты камсыздап келе жаткан "Шоро" компаниясы түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесин белгиледи. Муну менен катар аталган ишкананын негиздөөчүсү, ишкер Таабалды Эгембердиевдин элесине арналып тургузулган айкелинин жана стеласынын ачылыш аземи өттү. Бийиктиги 4,5 метр, туурасы 12 метрди түзгөн стеланын бетинде маркум Таабалды Эгембердиевдин ой-кыялы, аткарган иштери, баскан жолу, максаты чагылдырылганын иниси Жумадыл Эгембердиев айтты. Эстеликтин ачылыш аземине эл өкүлдөрү, Бишкек шаарынын вице-мэри, достору, замандаш-санаалаштары, үй-бүлөсү жана компаниянын өнөктөштөрү катышты.
Миңден ашык жаранды жумуш менен камсыздаган бул компаниянын ишмердүүлүгүн Таабалды Эгембердиевдин көзү өткөндөн кийин иниси Жумадыл Эгембердиев улантууда. "Таабалдынын каза болгонуна билинбей эле 2 жылдан ашып кетиптир. Ал биздин нукура улуттук суусундугубуз менен дүйнөнү багындырам деген максатты койгон. Эстеликте биз ошол ойду чагылдырдык. Аны "Шоро" компаниясынын башкы кеңсесинин короосуна орноткондугубуздун себеби - айкелди көрүп биз ал көксөп, бирок аткарууга үлгүрбөй калган жумуштарын ишке ашырууга күч алабыз. "Шоронун" кызматкерлери ушул жерге келип Таабалды менен кеңешип турабыз", - деди Эгембердиев.
Сөз Таабалды Эгембердиевдин досу, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевге берилип, ал анын тапкычтыгын, акылман, иштерман, ошол эле учурда өтө жөнөкөй адам болгондугун айтты: "Кыргыздын ата-бабасынын өткөн турмушун эске салып, бизди тээ балалыкка жетелеген үйлөрдү "Супара" этнокомплексине өз колу менен куруп кетти. Анын колу тийген ар бир ташка жан киргендей туюлат. Мындан 25 жыл мурун "Максым жасап сатам" деген Таабалдыны шылдыңдап күлгөндөр болгон. Милиция жолго тургузуп саттырбай, кууп жүргөн күндөрү өткөн. Бүгүн бул ишкана бүтүндөй кыргыздын сыймыгына айланды".
Калктын саламаттыгы менен улуттук маданияттын башатын сактап калууну негизги милдети катары санаган "Шоро" компаниясынын түптөлүшүнө Эгембердиевдердин апасы Сүйүн апанын да салымы чоң. Сүйүн апа учурда 88 жашта."32 жашымда өмүрлүк жолдошумдан айрылып, 3 балам менен жесир калдым. Балдарымдын улуусу - Таабалды. 1992-жылы ушул ишти баштайм дегенде үйдөгү 2 эчки, 4 койду сатып берип, ошонун акчасына башташкан. Биринчи күнү базарга 80 литр гана максым алып чыгышып, ал 2 сааттын ичинде сатылып кеткен", - деп эскерди ал.
"Шоро" компаниясы эл аралык сапаттын стандарттарына жооп берген кеңири ассортименттеги товарларын сунуштап келет. «Максым Шоро», «Чалап Шоро», «Жарма Шоро», «Бозо Шоро» улуттук суусундуктары өлкөдө гана эмес, чет жерлерде да элдин тандоосуна ээ болууда. Мындан тышкары "Легенда", «Арашан», «Байтик», «Ысык-Ата», «Жалал-Абад», «Шоро-Суу», «Кара-Кече» минералдык сууларын чыгарууда. Ишкананын жамааты күн сайын жаңылануунун үстүндө иш алып барып, эми минералдык сууларды айнек бөтөлкөгө куюп чыгарууда. Мындай аракет товарды чет өлкөгө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн арттырат. 2018-жылдан тартып аталган компаниянын бир катар минералдык суулары жакынкы мамлекеттерге экспорттоло турганын жетекчиси Бактыбек Исраилов билдирди.