Текебаев акыркы сөзүн сүйлөдү. Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти

Бүгүн, 16-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев акыркы сөзүн сүйлөдү.

“Мекендештериме, мага ишенгендерге, жардам берем дегендерге терең ыраазычылык билдирем. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн 11и мени колдоду. Атамбаевден башкасынын баары мени колдоду. Атамбаевдин жанындагылар да ал кеткенден кийин бизди колдойт. Мен буга толук ишенем. Тарыхка адам баатырдык жана чечкиндүүлүк менен кирет”, - деди сотто Текебаев.

Андан соң ал сотко кайрылып: “Сот реформасы үчүн президенттин саясий эрки, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн колдоосу керек. Бирок соттун абийири да маанилүү экен. Адилетсиздикке каршы тура ала турган, принципиалдуу 600 соттун ичинде 10у чыгышы керек да. Мына ушундай өзгөртүү жасай турган мүмкүнчүлүк сиздин алдыңызда турат. Сот системи кандай абалда экени ушул соттон кийин билинет. Ушул процесстерден кийин сиздин кандай сот экениңизди аялыңыз, балдарыңыз жана бүтүндөй кыргыз эли билет. Сөзүмдүн акырында айтарым, бул иш жасалма, жалган жалаа. Биз, Дүйшөнкул экөөбүз жактоочулардын жардамы менен ак экенибизди далилдедик”, - деп айтты Текебаев.

Акыркы сөз бүтүп, сот чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кетти. Буга байланыштуу тыныгуу жарыяланып, соттун катышуучулары сыртка чыгарылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Azamatisatoroev
2017-08-16 15:50:38
элдин башын айлантты эл ажырата албай калды
+6
Makain
2017-08-16 16:05:34
Текенин шайын оодарышты аран эле калыптыр .
0
Oksana2011
2017-08-16 16:07:39
Сотко ынсап берсин
+10
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-16 16:08:18
Атамбаев камаса да эл камабайт жүрөктөн. Эл билет таза экенин. Ошол башкысы. Камалса камалды, өлтүрүп коюшу мүмкүн ал жактан. Бирок аман эсен чыгып алса баарын камайт буюрса.
+12
Makain
2017-08-16 16:09:21
Жакшы чечкиндуу бироонун козун карабаган соттор керек.Теке озу куноолу канча жылдан бери Жогорку жакта журот таттыктуу сот жок экенин Эми коруп жатат.буга чейин канчалаган кыргыздын балдары кыздары жон эле соттолуп кеткен жаман иштеген соттордун айынан
+8
KUBI
2017-08-16 16:11:32
10 жыла кесилсин.
-18
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-16 16:23:15
KUBI, өзүңө кайтсын)
+11
kanatbekabytovich82
2017-08-16 16:54:50
KUBI,
Бийликтин ХХХХ бироо экенин корунуп турат
+8
admin_superstan
2017-08-16 17:41:26
kanatbekabytovich82, коомдук этиканы сактаңыз. Далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынат. Эскертилген, 3 күнгө БАН!
-6
rysik79
2017-08-16 16:19:10
Сотто жинди адам отурбайт. Кандай чечим чыгарса да сот чыгарат. Кочодогу адам эмес Айбек Эрнис уулу. Сот
-15
rysik79
2017-08-16 16:23:14
Теке элди ойлоп сыйкырчы же Кудай эмес да, калп эле элге куйуп бышкан адам болуп, болгону Атамбаев менен тирешти да женилди. Кыйын болсо кызматта отурбайбы, жалал абадка губер болуп областты которот эле да кылган жумушу Атамбаев канча жеди канча жолу туалетке барды ошону санайт.
-10
jbolotov
2017-08-16 16:27:37
rysik79, Ушуну айталбай аткамда. Озу депутатка тиешелуу ишти кылбайт, спикер болду кыйратбады, анан эле мен айткам деп чыгакалып кыргызстандын тынчын кетирет.
-15
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-16 16:37:34
jbolotov,брат айлыгың канча?
Менде да бир доске бар, интернетте отуруп алып бирөөнү жамандаганды жакшы билет. Айлыгы жакшы жумуш болсо айтып койчу деди эле. Акүйдүн шестеркасы деген контора кайда экенин таппай жүрсө керек))
+13
rysik79
2017-08-16 16:23:41
Эми окумду чоогу угалы.
0
amina_kyzym
2017-08-16 16:55:42
emi okum ka4an 4ygat
0
admiral
2017-08-16 16:57:31
Ушул процесстерден кийин сиздин кандай сот экениңизди аялыңыз, балдарыныз билет. Катуу сөз сүйлөптүр..
+8
barakcha
2017-08-16 17:14:31
Айбек норма чечим чыгарбасан менден таяк жейсин!)))
+1
Pchelka85
2017-08-16 17:21:04
Деги Ушул Текебаевдин сотун озунчо эле сериал куткондой кутуп калчу болдум)))).. Эми бугун жыйынтык чыгарса экен. Чынында эле Эгер Сот эч кимден корпой, эч кимге коз каранды больой АДИЛЕТТУУ чечим чыгарса, менимче, коп адамдардын батасын алат болуш керек.
+3
Pchelka85
2017-08-16 17:25:52
Негизи ушул олкобуздун сот процесси мени дагы бир жолу тан калтырды чынын айтсам. Мындай тоок, уй уурдагандар, хулигандык кылгандарды айлап, жылдап соттой албай кыйналышат го.. А тут бат баттан куболор табылып, суралып эле соттой калышты.
+1
Aidani
2017-08-16 19:02:13
Айбек сенин кандай адам экенинди эл билип бутту, акыйкатты четке жалдыратып тиктетип койуп, анан жалганды сахнада ойнотконду уйротуп тарбия берген кайран кишилер ай, АК иште башына келип калышы мумкун, жашоо бумеранг башына келип калбасын агатай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан