Профессор: "Кочкордогу табылга табигыйлыгы сакталган музей-комплексине айланышы мүмкүн"

Буга чейин Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кум-Дөбө айылындагы Көк-Таш аймагынан курулуш табылганын кабарлаганбыз. Анын табылганына 30 жылга чукулдап калса да табылга толугу менен изилденип бүтө элек. Буга каражаттын жоктугу себеп болуп келген. Жергиликтүү тургун Кайырбек Коңурбаев табылганы коруп, көптөгөн жерлерге изилдөө иштерине көмөк көрсөтүү суранычы менен кайрылып келген.

Табылганы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору Кубат Табалдиев жетектеген экспедиция изилдеп, курулуш уникалдуу тарыхый объект экенин айтышат.

"Бул курулуш 2 бөлмөлүү уникалдуу күмбөз, узундугу 9, туурасы 5 метр. Мындай курулуштар чанда кездешет. Буга чейин аны коруп келген жергиликтүү мураскерлер, анын ичинде Кайырбек Коңурбаев бул аймакта Суяб же Баласагын шаарлары жайгашканын айтып келишет. Анын оюнда, бул табылга жер алдында калган шаардын калдыгы. Шамшы тараптан келген чоң суу топону маңдайдагы тоого урунуп, анан Ысык-Көлгө агып кеткенин, шаар жер алдында калганын айтат. Бул кишинин мураскерлигин биз баалайбыз. Бирок жергиликтүү элге археология, архитектура боюнча туура эмес маалыматтар тарап кетти", - дейт Кубат Табалдиев.

Азыркы мезгилде имарат толугу менен казылып бүтө элек. Экспедициянын негизги максаты эстеликти ушул бойдон сактап калуу. Быйыл казуу иштери токтоп, бастырма куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Ага ТIKА тарабынан 200 миң сом бөлүнгөн.

"Бастырманы куруп, эстеликти кийинки жылга чейин сактап калышыбыз керек. Бул жакка музей-комплекс куруу үчүн эксперттер келип жакшы тыянак чыгарып кетишти. Эми ТIKА колдоого алса, кийинки жылы иштин 2-этабы башталат. Нарын облусунда жаңы табигыйлыгы сакталган эстеликтин консервациялоо иштерин баштайбыз", - деди профессор.

Кыргыз тарыхчылары да Кубат Табалдиевдин оюн колдой тургандыктарын билдиришкен. Күмбөздө кимдин сөөгү коюлганы тууралуу гипотезалар айтылганы менен, так аныктала элек.

"Ким коюлганын азыр айтыш кыйын. Мусулмандардын эстеликтеринде коюлган адамдын ысымы жазылышы керек. Андай жазуу табылган жок. Тегерегинде эпитафиялык таш эстелиги да жок. Бирок эстеликти изилдөөдө алгачкы суроолорго жооп берүүгө аракет кылып жатабыз. Биринчиден, эстелик Караханий мамлекетинин учурунда белгилүү өкүмдарга арналып салынганы анык. Эстеликтин жердин алдында курулушу табышмак. Балким, сөөк душмандардын аягында калып, кордолбосун дешкен. Мындай салт бул жерде болгонбу же жокпу деген суроо жаралууда", - деди Табалдиев.

1891-жылы Кочкор жергесине келип алгачкы казуу жүргүзгөн окумуштуу Чекисовдун отчёту боюнча 1892-жылы чыккан китепте жер алдында бышпаган кыштан салынган имарат тууралуу жазуулар бар экенин, бирок ал мусулман элдериникиндей эместигин кошумчалады ал. Себеби куполунун астында адамдын күйгүзүлгөн денеси чыккан.

"Биздин тарыхый жазма булактар боюнча Караханий мамлекетин негиздеген Буура-хандын урпактарынын бири Жети-Сууга жортуулга келип, Караханий мамлекетинин ээликтерин кыдырып, Кашгарды көздөй бара жатканда Кочкор-Башы шаарында көз жумган. Балким, ошол кишиге арналып тургузулганбы деген гипотеза бар. Анын сөөгүн Кашгарга жеткирбей, өзүнүн ээликтеринин биринде - белгилүү Кочкор-Башынан 2,5 чакырым алыс жерге коюлушу мүмкүн болчу.
Азыркы Кум-Дөбө айылынын астында Махмуд Кашгаринин дүйнө картасындагы белгиленген Кочкор-Башы шаарынын чалдыбары жатат. Ал эми биз изилдеп жаткан курулуш ошол чалдыбардан 2,5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Буга чейин талкаланган жерлерди элеп чыгабыз, ошондо жазуулар табылып, биздин гипотеза далилденсе, биздин эл үчүн жакшы болот. Бул айтылгандар далилденсе, табигыйлыгы сакталган эстелик ачылат", - деп кошумчалады Кубат Табалдиев.

Тарых сүйүүчү Кайырбек Коңурбаевдин айтымында, бул аймакта 920-923-жылдары сел жүрүп, ири шаар анын астында калган. Буга ал космостон тартылган сүрөтүн далил катары көргөзөт. Анда сел каптап кеткен жерлер агарып, топурак басып калганын көрүүгө болорун айтат ал. Ал эми экспедициянын жетекчиси бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Бул курулушту сел баскан эмес, 6,5 метр тереңдикте сел басышы мүмкүн эмес, миллиарддаган жылдар мурун болушу мүмкүн эле. Имарат атайын жердин алдында курулган.

Кубат Табалдиев тарыхый эстеликтердин жакшы сакталбай калышына жаратылыш кырсыктарын эмес, адамдарды күнөөлөйт. Ошондой эле Кыргыз жергесиндеги көптөгөн тарыхый курулуштар туура эмес реставрацияланганын айтат:

"Бул аймакта ХХ кылымдарга чейин да "өкүмдар коюлса, алтын-күмүш кошо коюлат" деп казышкан экен. Бирок мусулманчылыкта кепин менен ороп эле коюшкан. Шаардын мурунку дубалдарын тургундар бузушкан. Акыркы тилкелерин жеке үлүштөргө берип салган. Талкаланганына эл, окумуштуулар себепкер. Окумуштуулар чыр көтөрүшү керек эле. Бул табылга айсбергдин чокусу, мындай эстеликтер көп. Азыр айылда укмуш курулуштардын орду табылды. Биз суктанган Бурана, Таш-Рабат, Манас күмбөзү, Өзгөн күмбөзү туура эмес реставрацияланган. Алардын табигыйлыгы сакталган эмес, андыктан алар ЮНЕСКОнун биринчи тизмесине эч качан кирбейт. Ал эми бул эстелик кириши мүмкүн. Мындай курулуштар дагы табылчудай экенин толук билдик. ЮНЕСКОго кирсе эле иштин баары бүткөндөй көрүшөт, алар тизмеге гана киргизип коёт. Бирок аны музейге айландыруу жергиликтүү бийликке жана эл карамагына жүктөлөт".

"Талаш-тартыш жаралганы жакшы, себеби анын арты менен өсөбүз" деген профессор Коңурбаев тууралуу өз оюн айта кетти:

"Элдин ичинде жакшысы, жаманы бар. Кайдыгер карагандар бар. Кайырбек агабыз аракет кылат, башкаларга караганда перспективасын түшүнөт. Биз анын мураскерлигин, патриоттугун сыйлайбыз жана ыраазыбыз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
grace
2017-08-20 16:38:38
Жакшылап өнүктүрүп туризм очогуна айлантуу керек.
0
voennyi88
2017-08-20 21:04:44
Кана жанагы президент болчу сооройлор. Тарызты унутканды тарых кечирбейт деген накыл соз бар.Жардам бергилечи королу.
+1
Саби
2017-08-21 11:27:55
Эми ушуну чондорубуз колдош керек ,бул чоон тарыхый табылга экени корунуп турат.Бул мамлекеттин туздон-туз окууштууларга жардам беруусу, колдоосу менен боло турган иш экен.Кандай гана кызык мурунку жашоо кандай болгон???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан