Бүгүн, 22-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Сентябрь" телеканалы боюнча сот өттү. Башында телеканал тарабынан башкы редактору Канышай Мамыркулова катышып жаткан. Сотто ал "Сентябрь" санарип телеканалынын кеңсеси Бишкекте жайгашкан, ал эми Жалал-Абаддагы ушул эле аталыштагы аналогдук канал былтыр жабылып, учурда соттолуп жаткан каналга тиешеси жок экенин айтты.
Жараяндын жүрүшүндө Мамыркулованын абалы начарлап кеткен. Ага тез жардам көрсөтүлгөн соң ал соттук процесске катышуудан баш тартып чыгып кеткен. Мындан улам сот "Сентябрь" телеканалынын өкүлү жок улантылган.
Сот Жылдыз Жумабаева кеңешме бөлмөсүнө кирип, отурумдар залына чыккан соң өкүмдү окуду. Ага ылайык, "Сентябрь" телеканалы жана анын сайты жабылды.
Айта кетсек, Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, 2016-жылы 29-сентябрда Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалынын түз эфиринде Абдылда Капаров аттуу жаран (Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы - ред.) 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айткан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура телеканалды жабуу суранычы менен сотко кайрылган.