Мындан бир жыл мурун, 22-августта таңга маал Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын тик учагы конуп, 7 милиция кызматкерин таштаган. Аталган тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбек милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Өзбекстандагы Жаңы-Коргон райондук Ички иштер бөлүмүнө алынып кеткени 24-августта белгилүү болгон.
Өзбек тарап менен облустук деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргөндө алардын талаптары белгилүү болгон:
Талаптардын биринчиси аткарылып, өзбекстандык милиция кызматкери бошотулган. Ал эми экинчи жана үчүнчү талаптар аткарылган эмес. Орто-Токой суу сактагычы Советтер Союзунун учурунда курулуп, ошондон бери коңшу Өзбекстан өлкөсү пайдаланып келген. Суу сактагыч Кыргыз жергесинде жайгашкан. 2016-жылдын май айында Өзбекстан пайдаланып жаткан бир катар объектилер менен бирге Кыргыз мамлекетинин менчигине өткөн.
4 Кыргыз жараны 18 күн бою Өзбекстандагы Ички иштер бөлүмүндө камакта жатышкан. Андан сырткары кыргыз эли жашоо-тиричилигин кылып, станция курган тоону өзбекстандык милиция кызматкерлери бир айга жакын убакыт басып алышкан. Бул аралыкта жергиликтүү тургундар, активисттер кайра-кайра бийлик өкүлдөрүнө Кыргыз жарандарын, Үңкүр-Тоону бошотууну тездетүү суранычы менен кайрылуу жасашып, митинг уюштурушкан. Кыргыздын чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү менен, абал ошол кездеги Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ооруп, эсине келбей калганы менен ого бетер оорлоп, сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес. Абал күн сайын курчуп, эл арасында "бийлик эч нерсе кыла албаса, биз өзүбүз чогулуп барып, аларды чыгарууга даярбыз" деген тургундар пайда болгону айтылган.
Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнө салганы жарыяланып, 8-сентябрда Шавкат Мирзийоев Өзбекстандын президентинин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган күнү караңгы жерге Күн нуру тийгендей, ошол түнү Кыргыз жарандары коё берилген.
Бул жагымдуу жаңылык тез эле тарап, бүтүндөй кыргыз элин түйшөлткөн бир маселе чечилген. Кармалган Кыргыз жарандарынын бири Нурбек Усупбаев ал окуя тууралуу SUPER.KG'ге төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Мен өз жеримде жүргөндүктөн эч качан жанымда паспорт алып жүрбөйм. Ал күнү кадимкидей эле жумушка чыкканбыз, өзүбүздүн аймакта эле жүргөнбүз. Өзбекстандык милиция кызматкерлери келип эле паспортторубузду сурашты. Кээ бириники бар экен, алар көрсөтүштү. Бирок баарыбызды паспортторду текшеребиз деп, өзүлөрүнүн милиция бөлүмүнө алып барып камап коюшту. Кол көтөрүшкөн жок, бирок психологиялык кысым көрсөтүп, "силер 10 жылга камаласыңар, андан кийин моюнуңарга дагы бир нерсе илип, камайбыз, эч качан чыкпайсыңар" дешкен. Ошол күндөрү апам катуу ооруп ооруканага түшүптүр. Ошондон бери абалы жакшы эмес. Ооруканага жатканы барса, Кербен райондук ооруканасындагылар "орун жок" деп жаткырбай коюшту. Келинчегим да ден соолугунан жабыркап калгандай. Ал эми уулум кээде жумушка бара жатсам, "ата, кайра келесиңби?" деп сурап калат".
Ошондой эле Нурбек Усупбаев Өзбекстанда жаңы президент шайланган соң абал турукташып, кыргыз-өзбек мамилеси жакшы нукка бурулганын белгиледи.
Ал эми 18-сентябрда Өзбекстандын милиция кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоодон чыгып, тоону толугу менен бошотушкан.
Үңкүр-Тоо жайгашкан Мамай айылынын айыл башчысы Качкын Таштанов Кыргыз жарандарын бошотууга жергиликтүү бийликтин салымы бар экенин айтат:
"Негизинен ал тоого кыргыз элинин малы жайылып келген, эч качан Өзбекстандыкы болгон эмес. 1936-жылдары колхоздоштуруу башталганда Үңкүр-Тоо жана анын айланасындагы кайрак жерлер кыргыздардын "Кызыл трактор" колхозуна тийген. 1955-жылы Өзбекстан ал жерди өзүнүн аймагы катары картага түшүрүп алган. Ошондуктан такталбаган аймак болуп калды. Эми эки өлкөнүн өкмөттөрү бул маселени чечип жатышпайбы, биз тоонун аймагы биздин тарапка чечилишин каалайбыз. Учурда өзбек чек арачылары өз элин биздин аймакка чыгарбайт, абал жакшы", - деп жыйынтыктады өз сөзүн Таштанов.
Үңкүр-Тоону коргоо комитетинин мүчөсү Шекербек Камчыбек уулу аталган тоодогу айрым станциялар деңиз деңгээлинен 1300 метр бийиктикте жайгашкан Ителги тоосуна көчүрүлгөнүн айтат.
"Уюлдук операторлордун, санариптик телеберүүнүн станциялары Үңкүр-Тоодон төмөн болгон Ителги-Тоосуна орнотулду. Эки тоодогу станциялар тең иштеп жатат. Андан бөлөк эч нерсе өзгөргөн жок. Аксыда такталбаган 32 аймак бар, Кыргыз-өзбек өкмөттөрү кайсыларын карап жатышканы белгисиз, маалымат ачык берилбей жатат. Бийликтин позициясы түшүнүксүз, биздин жарандарды кармап жатышса да, эч кандай чара көрүлбөйт. Алар менен тең ата сүйлөшө тургандай элебиз, бирок маселелер чечилбейт. Кудай сактасын, Өзбекстанга жаңы президент келгенден кийин абал жакшырды. Чек ара тосулган эмес да, мурун мал кирип кетишсе, өзбек чек арачылары айдап кетип, бербей коюшчу. Ал эми азыр мамилелер жылый түштү, малыбыз кирип кетсе, айдап чыгарып беришет", - деди Шекербек Камчыбек уулу.