Биз социалдык тармакта

Globus супермаркетинде жаӊы O!Store дүкөнү ачылды. Конокко келиӊиздер!

О! мобилдик оператору шаардын жашоочуларын жаңы O!Store дүкөнүнө чакырат, ал сатуу жана тейлөө кеңсеси да болуп саналат. Дүкөн Гагарин көчөсү, 275/1 дарегинде жайгашкан, Фрунзе көчөсү менен кесилишет, Globus гипермаркети (Ак-Өргө).

Жаңы O!Store`дон О! мобилдик операторунун кызматтарынын толук спектрин колдонууга болот:

  • тарифтик план же кооз номер тандоо;
  • кошумча кызматтарды жана сервистерди кошуу жана тууралоо;
  • жоголгон SIM-картаны калыбына келтирүү;
  • балансты комиссиясыз толтуруу;
  • чыгымдардын учурларын алуу;
  • интернетке кирүү үчүн фирмалык 4G-түзүлүштөрдү жана аксессуарларды сатып алуу.

Жаңы форматтагы O!Store дүкөндөрүнүн башкы өзгөчөлүгү – бул көргөзмөлөө стенддери, анда эң актуалдуу смартфондордун тизмеги арзан баада сунушталган. Девайстар, анын ичинде фирмалык O!Phone 4G смартфондорду сатып алардан мурун тандоону аныктоо үчүн текшерип көрсө болот.

Жаңы O!Store`го кош келиңиздер! 10:00дөн 21:00гө чейин дем алышсыз иштейт (тыныгуу 13:00дөн 14:00гө чейин).

«Биз чынында кардарларыбыздын жанындабыз жана алардын саны бүткүл Кыргызстан боюнча дайыма өсүп жаткандыгын сезүү жагымдуу. Бүгүнкү күнү биздин башкы милдет – абоненттердин О! мобилдик оператору менен баарлашуусун максималдуу ыңгайлуу кылуу. Кеңселерибизге келгендердин баарына сапаттуу тейлөөнү, ошондой эле гаджеттерди сатып алууда ар түрдүү акцияларды жана бонустарды сунуштоого кубанычтабыз», - деп О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко билдирди.

O!Store дүкөндөрдүн даректерин О! мобилдик операторунун www.o.kg сайтынан билүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuba-savai87
2017-08-24 12:23:00
О! Интернети жакшы иштебей атат жай иштеп атат эмне болду экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан