Улуу Британиянын падыша сарайындагы мурунку ашпозчу Даррен Макгрейди ханзаада Гарри менен анын сүйүктүүсү Меган Марклдын үйлөнүүгө убадалашканын айтты. Бул тууралуу британиялык басылма жазып чыкты.
Ашпозчу журналист менен болгон маегинде Гарри менен Меган бирге түтүн булатууга убадалашканын ушул жылдын декабрь айында гана коомчулукка билдирерин айткан.
"31-августта ханбийке Диананын өлүмүнө 20 жыл болот. Андыктан азыр экөөнүн үйлөнүүгө убадалашканын коомчулукка жарыялоо туура эмес болуп калат. Ноябрь айында ханыша Елизавета II жана анын жолдошу Эдинбург герцогу Филипп чогуу жашагандарынын 70 жылдыгын белгилешет. Мындан улам Гарри менен Меган декабрда коомчулукка сүйүнүчтүү кабарын айтышат. Андан кийин Меган Рождество майрамын үй-бүлөсү менен бирге тосуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот", - деген ал.
Даррендин айтымында, ханбийке Диананын көзү тирүү болгондо Меганды жактырмак. Себеби Меган дагы ханбийкедей сулуу, балдарга жакын жана адамдарга түшүнүү менен мамиле кылат.
Белгилей кетсек, ханзаада Меган Маркл менен 2016-жылдын жайында таанышкан. Экөөнүн ортосундагы сүйүү мамилесин Гарри 2016-жылдын ноябрында расмий түрдө ачыкка чыгарып, журналисттерди сүйүктүүсүнүн артынан түшпөөгө чакырган.