Бишкек шаардык соту 8 жылга камакка алынган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаардык соту 8 жылга эркинен ажыратылган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго карата Башкы прокуратуранын апелляциялык арызын карайт. Прокуратура Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго чыккан Биринчи Май райондук соттун өкүмүнө макул эместигин билдирген.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан