ЖЫЛНААМА, 11-СЕНТЯБРЬ: Колдон түшүп кетсе да сынбаган советтик кырлуу стакандар 74 жыл мурун биринчи жолу чыккан

Постсоветтик өлкөлөрдүн жашоочулары бүгүнкү күндө да кеңири колдонуп келген кырлуу стакан мындан 74 жыл мурун, 11-сентябрь күнү биринчи жолу Орусиянын Гусь-Хрустальный шаарындагы айнек буюмдарынын заводунда чыгарылган. Анын диаметри 65 миллиметр, бийиктиги 90 миллиметрге жеткен. Алгачкы чыккан стакандын 16 кыры болгон, кийин 17, 12, 14, 18, 20 кырлуу болуп чыга баштаган. Классикалык идишке айланган алгачкы кырлуу стаканга 250 миллилитр өлчөмүндөгү суюктук сыят.

Ошол кезде стакандын баасы кырына жараша 7 тыйындан 14 тыйынга чейин бааланган, 20 кырлуу стакандар 14 тыйындан сатылган.

Советтик кырлуу стакандар башка цилиндр формасындагы стакандардан бир топ артыкчылыктарга ээ. Өндүрүшчүлөр аны чыгарууда 1 метр бийиктиктен түшүп кетсе да сынбай тургандыгын эске алышкан. Мындан улам стакандын бул түрү ушул күнгө чейин чыгарылып келет жана негизинен коомдук тамактануучу жайларда пайдаланылат.

11-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан