Сотто Өмүрбек Текебаев Маевскийдин көрсөтмөсү толук окулушу керектигин айтты

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда. Отурумда Текебаев сот Маевскийдин көрсөтмөсүн окубай аттап өтүп кеткендигин айтты. Сот ага бардык көрсөтмөлөрдү окуунун кереги жок экенин ал өзү да, жактоочусу да аталган иш менен жакшы тааныш экендигин айтып, керектүү жерлерине гана токтолуп өтүүнү сунуштады.

Буга нааразы болгон Текебаев Маевский менен Модиндин көрсөтмөлөрү эки башка болуп жатканын, андан сырткары Маевскийдин өзүнүн көрсөтмөсү да улам-улам өзгөргөнүн билдирди. Ошондой эле Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочусу "Маевский бул иштеги негизги адамдардан, анын көрсөтмөлөрүн аттап кетүүгө болбойт. Бардык көрсөтмөлөрү окулушу керек" деди.

Сот Маевскийдин көрсөтмөсүн толук окууга макул болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2017-09-15 11:49:59
Ээ соттор Кудайдан корксонор боло!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан