Бүгүн, 29-июнда саат 09:30да Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум башталмак. Бирок райондук соттун имаратында электр жарыгы жок болгондуктан сот баштала элек. Милиция кызматкерлери электр жарыгы оңдолгондон кийин имаратка кирүүгө уруксат берилерин айтышып, азырынча сот имаратына адамдарды киргизбей жатышат.
Сот имаратында электр жарыгы кандай себептер менен өчүп калганы боюнча маалымат бериле элек.