Өкмөт башчы Сапар Исаковдун бир айы (толукталды)

25-август күнү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында жаңы өкмөттүн курамы жана анын программасы жактырылып, Сапар Исаков баштаган министрлер кабинети көпчүлүктүн добушу менен шайланган. Ошентип 40 жаштагы Исаков эгемендүү Кыргыз тарыхындагы эң жаш премьер-министр болуп калды. Сентябрдын жыйырма бешинде анын өкмөттү жетектеп жатканына бир ай болот. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун алгачкы кадамдары жана көрүнүктүү чечимдери кандай болду?

Парламенттин депутаттарынын алдына “Жаңы доорго 40 кадам” аталышындагы программасы менен келген Сапар Исаков: «Аны ишке ашырууга биздин көзүбүз жетип турат. Бул программа өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы менен бир нукта кетет. Мамлекеттеги бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бул программаны ишке ашыруубуз керек», - деп айткан. Исаковдун дипломатиялык чөйрөдөн келгендиги, жетекчилик кызматтарда топтогон тажрыйбасы аркылуу саясатчылар, журналисттер, дегеле эл менен тил табышып жаткан жөндөмү аны башка өкмөт башчылардан кескин айырмалантып турат.

29-август күнү алгачкы буйруктарынын бири өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисине байланыштуу болду. Башчылыкка Лондон университетин аяктаган Гүлнура Төралиева дайындалды. Төралиева учурдагы бийликтин иш-аракеттерине карата конструктивдүү сындарды айтып келе жаткан коомдук ишмерлердин бири болчу.

31-август күнү өлкө ичиндеги иш сапарын Ош шаарынан баштап, анда Сай-Бою көчөсүндөгү көпүрөнүн ачылышына катышкан. «Биз бүгүнкү күндө Ош шаарынын күн сайын туруктуу өнүгүүсүнө күбө болуп жатабыз. Мен Ош шаары жакынкы келечекте Борбор Азиядагы алдыңкы шаарлардан болушун каалайм», - деди анда Исаков.

Ош шаарына болгон сапарында өкмөт башчы 50 балага ылайыкталып курулган спорттук жатак мектеби менен таанышты. Премьер-министр жаштарды дени сак жашоого үндөө максатында ушул сыяктуу спорттук мекемелердин тармагын өнүктүрүүнү жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу керектигин баса белгиледи.

4-сентябрь күнү Сапар Исаков Талант Султановду премьер-министрдин кеңешчиси кылып дайындады. Кийинчерээк Эсенкул Момункулов, Юлия Калиниченко, Бермет Турсункулова, Назик Бейшеналы да ушундай эле кызматка дайындалышты. Султанов Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү болсо, Момункулов Германиядагы Гейдельберг университетин аяктаган. Калиниченко Европадагы университеттердин биринде магистр даражасын алган, ал эми Турсункулова саясат илимдеринин кандидаты. Назик Бейшеналы Кыргыз өлкөсүндөгү 200дөн ашуун айыл чарба кооператив союзунун башчысы.

11-сентябрда ага чейинки бир канча жолку сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосунда макулдашууга кол коюлду. Ал “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.

11-сентябрда саат 14:00дө премьер-министр Сапар Исаковдун кортежи Бишкек шаарындагы жол тыгынында турган сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Ага чейин өкмөт башчы патрулдук милициянын коштоосунан баш тартканы белгилүү болгон.

13-сентябрь күнү өкмөт башчы Сапар Исаков Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев менен жолугушуп, эл тарабынан паспортту даярдоо кечиктирилип жатат деген сындарга көңүл буруу тапшырмасын берди. “Жарандар кезекте турбашы керек, ал эми паспорттор убагында берилсин”, - деди Исаков. Натыйжада "паспортту үйгө жеткирүү" кызматы киргизилди. Элге кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу максатында "Кыргызпочтасы" Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагына өткөрүлдү.

15-сентябрда болуп өткөн жабык аянтта өтө турган V Азия оюндарына катышуу үчүн жөнөп жаткан Кыргыз спортчуларын Түркмөнстанга узатуу салтанатынан.

16-сентябрда жол коопсуздугун күчөтүү, айрыкча балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн мектептердин жанында Патрулдук милиция кызматкерлеринин турушун камсыздоо тапшырылды. Аны менен катар жол коопсуздугунун системин реформалоо боюнча планга кол койду.

18-сентябрь күнү Кыргыз өкмөтү ГЭСтерди кура турган “Liglass Trading CZ, SRO” чех компаниясы менен макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарды. “Бул маселени жеке көзөмөлүмө алам, биз муну менен токтоп калбай, мындан ары кетишибиз керек”,- деди Исаков кеңешмеде. Жыйынтыгында башка инвестор табуу үчүн жаңы тендер жарыяланмай болду.

20-сентябрь күнү кечинде вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду үгүттөгөн аудио жазуусу интернетке тараган. Анын эртеси өкмөт башчы Сапар Исаков Зилалиевге эскертүү берип, шайлоо боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошотту. Исаковдун бул чечими "биз технократтар өкмөтү болобуз, шайлоодо эч кимге чуркабайбыз, саясий оюндарга аралашпайбыз" деген сөзү далилденди.

Сапар Исаков жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жазылып жаткан элдин арыз-көйгөйлөрүн териштирүү үчүн атайын бөлүм ачты.

P.S. Премьер-министрдин кызматынын 2-айынын жыйынтыгы боюнча терс жактарын тизмелеп чыгышыбыз ыктымал. Азырынча андай жактары байкала элек.


кошулду
Сапар Исаков "Liglass" менен келишимди бузабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан