Бишкекте унаа жуучу жайлардын биринде кардар унаасы менен жумушчуну сүзүп кетип, ал окуя болгон жерде каза болду.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, кырсык 16-ноябрда саат 20:45 чамасында Медеров көчөсүндө болгон. Toyota Camry унаасынын айдоочусу канализациялык люктан чыгып келе жаткан жумушчуну сүзүп алган.
1969-жылы туулган жаран алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, унаа айып короого токтотулду. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.