Бүгүн, 16-ноябрда Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан COP31 конференциясынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыктарды мониторингдөө жана алдын ала болжолдоо боюнча санариптик чечимдерди сунуштады.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын улуттук павильонунда министрдин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов баштаган делегация эки кошумча иш-чара өткөрдү.
Алардын алкагында сел жана суу ташкындарын болжолдоо, жаратылыш коркунучтарына мониторинг жүргүзүүчү маалыматтык системалар жана эрте кабарлоо маселелери талкууланды.
Иш-чаралардын биринде Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан RESILAND CA+ долбоорунун аралык жыйынтыктары тааныштырылды. Анда Көгарт дарыясынын бассейнинде суу ташкындарын болжолдоо жана эрте кабарлоо системасын түзүү, маалыматтарды иштеп чыгуу инфраструктурасын өнүктүрүү жана адистерди даярдоо маселелери каралды.
Ошондой эле климаттык туруктуулуктун CRIS AIS маалыматтык системасы, Кыргызстандын сел коркунучунун атласынын негизинде сел коркунучун баалоо модулу жана бийик тоолуу көлдөргө мониторинг жүргүзүү ыкмалары көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Швейцария өкмөтү менен кызматташуу маселелерине көңүл бурулду.
Министрликтин маалыматына ылайык, санариптик системалардын натыйжалуу иштеши үчүн маалыматтардын сапаты, үзгүлтүксүз жаңыланышы, адистердин даярдыгы жана мамлекеттик мекемелердин өз ара кызматташуусу маанилүү.
Иш-чаралардын жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашып, долбоорлордун экинчи этабында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.