Биз социалдык тармакта

Бишкекте дайынсыз жоголгон 10 жаштагы бала аман-эсен табылды

Бишкекте дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Азирет Рустамов аман-эсен табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баланы милиция кызматкерлери издөө иштеринин натыйжасында табышкан. Издөөгө башкармалыктын өздүк курамы толугу менен тартылган.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Эске салсак, 16-ноябрда баланын апасы милицияга кайрылып, уулу 15-ноябрда саат 18:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан