АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда Nvidia компаниясынын мурдагы жетекчиси Женсен Хуангдын айланасындагы жаңжалды талкуулашы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Журналисттердин бул маселени Си Цзиньпин менен сүйлөшөбү деген суроосуна Трамп «мүмкүн» деп жооп берген.
Буга чейин, 12-ноябрда Nvidia компаниясы Женсен Хуанг президенттик жана башкы директорлук кызматтарынан кеткенин жарыялаган. Буга анын Кытай бийлигине иштеген делген Элис Хуанг менен жакын мамилесине байланыштуу жаңжал себеп болгону айтылган.
Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Nvidia ишине байланыштуу «Кытайдын тыңчылыгы» тууралуу билдирүүлөрдү негизсиз деп атаган.
Эске салсак, Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммити 18-19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтөт.