Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралмак. Бирок Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова отурумга келбегендиктен сот бир сааттык тыныгуу жарыялап, Текебаевге мамлекеттик жактоочу бекитилерин айткан. Тыныгуудан кийин сот жактоочу Жакупбекованын анын жеке иштери чыгып отурумду кийинкиге жылдыруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырганын айтып, отурум эртең, 29-сентябрда уланарын билдирди.
Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.