Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан ырчы Омар катышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева бүгүн, 1-октябрда маалымдады.
"Бул сынак 9 мамлекеттин белгилүү ырчыларынын ортосундагы таймаш. Омарга аталган долбоорго катышуу сунушу сынактын продюсери Динара Адам жана биздин өлкөдөгү белгилүү продюсер Алексей Сидоров тарабынан түшкөн. Жалпысынан 12 этаптан турган сынактын 4 туру жыйынтыкталды. Азырынча жалпы добуштар боюнча Омар алдынкы саптарда. Сынакка катышкан өлкөлөрдүн ар биринен калыстар тобуна мүчө катары бирден өкүл келген. Бирок алардын өз мамлекетине добуш берүүгө укугу жок. Кыргыз жеринин атынан калыстыкты Гүлнур Сатылганова аркалап жатат", - деди ал.
Белгилүү болгондой, сынак 12 этапты камтып, 3 айга созулат. Ага Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Грузия, Башкортостан, Татарстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп жалпысынан 9 мамлекеттин атактуу ырчылары ат салышат. Ал эми казактын атынан ырчы Айкын Төлөпберген катышууда.