Күү чыгарып, комуз чертип элди руханий жактан азыктандырып, кыргыздын улуу өнөрүн аздектеп, кыргыз маданиятынын, комуз өнөрүнүн бир капталын көтөргөн Карамолдо Орозов 1882-жылы Ысык-Көлдүн Корумду айылында туулган. Ал 9-10 жашынан эле комузда ойноп, ар кандай күүлөрдү черте баштаган.
Кыргызда күүнүн башы Камбаркан деп айтылып, бул күүнү мен күүчүмүн, комузчумун дегендин баары өзүнүн ыкмасына салып чертип келет. Дал ушул күүнүн автору болгон Карамолдо Орозов адегенде өзүнүн айылында, кийин өзү жашаган аймакка комузчу катары таанылып, өзү күү чыгарып, "Дарыйкан", "Калмык бийи" жана башка күүлөрүн чертип эл оозуна алынган.
Карамолдо Орозовдун өз аты — Токтомамбет. Ал айылдык диний мектептен билим алгандыктан молдо аталган. Өзү кара тору жигит болгондуктан аны Карамолдо деп коюшкан. Кийин ал белгилүү кыякчы жана комузчу Мураталы Күрөңкеевден таалим алган.