Кыргыз-Казак чек арасындагы маселе Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине киришкенден кийин чечилиши мүмкүн. Мындай пикирин экономист Жумакадыр Акенеев Бишкектеги өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын билдиришинче, Жээнбеков өз ишин баштаган учурда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп же болбосо телефон аркылуу байланышуусу ыктымал.
"Сооронбай Жээнбеков инаугурациясынан кийин Москвага барып Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушары айтылууда. Ага улай Нурсултан Назарбаев менен жолугушат же телефон менен байланышат. Ошондуктан биз маселе жакынкы аралыкта чечилет деген үмүттөбүз", - деди Акенеев.
Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турат. Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Кечээ Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.