Актриса жана фотомодель Рахат Божокоева бүгүн, 27-октябрда турмуш жолуна аттанды. Бул тууралуу маалыматты актрисанын курбусу социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөдү.
Буга чейин белгилүү болгондой, актрисанын жолдошу Асылбек Рахатка гүлдесте менен шакек тартуулап, анын колун сураган. Актриса сүйүктүүсүнө турмушка чыгууга макулдугун бергенин интернетке жарыялаган.
Рахат Божокоева 1994-жылы 1-августта Бишкек шаарында туулган. Бала кезинен бий менен алектенип, сахнада чоңойгон. Концерттерде бийлеп жүрүп ырчылар менен таанышып, чыгармачылык чөйрөгө аралашып калган. Ал Сайкал Садыбакасованын "Ыйлатпачы", Гүлнур Сатылганованын "Сага", Мирбек Атабековдун "Мөлмөлүм" жана башка бир топ клиптерге тартылган.
Ошондой эле "Сүйөм дечи", "ДвижЭние кылыш керек", "Сагын", "Эне жүрөгү" тасмаларында роль жаратып, белгилүү болду. Киного тартылуудан сырткары алпаруучулук кесипти да аркалап келет.