Индиялык хирургдар психикалык жактан жабыркаган бейтаптын ашказанынан 600дөй мыкты алып чыгышты. NDTV жергиликтүү телеканалы бүгүн билдиргендей, бул операцияны Калькуттадагы медициналык колледждердин бириндеги врачтар ишке ашырышкан.
Хирург Сиддхартха Бисвас журналисттерге бейтаптын ашказаны 2 сантиметр узундуктагы бир нече мыктарга толуп калганын, ошол себептен операция абдан кылдат иш-аракеттер менен кыйынчылыкта жасалганын айтып берген. Ашказанга жасалган операция дээрлик 1 суткага созулуп, учтуу мыктарды чыгарып алуу үчүн магнит пайдаланылган.
"Ал психикалык жактан жабыркагандыктан колуна тийген нерселерди жута берет. Бирок биз мынча мыкты "жеп" жүрө бергенин билген да эмеспиз", - дешет бейтаптын туугандары.
Бейтап 1 айдан бери "ичим ооруп жатат" деп туугандарына кыйналып жатканын айта берген. Алар аны ооруканага алып барып, УЗИ аппаратына тарттырышканда ашказанында ар кандай металл, учтуу нерселер бар экени аныкталган. Операция ийгиликтүү аяктап, учурда бейтаптын ден соолугу туруктуу деп кошумчалашкан дарыгерлер.