Бир кездеги түгөйлөр Жастин Бибер менен Селена Гоместин кайрадан жарашканы айтылууда

Бир кездеги белгилүү түгөйлөр Жастин Бибер менен Селена Гоместин кайрадан жарашканы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, алгач экөөнүн Лос-Анжелестеги тамактануучу жайлардын биринде чогуу отурушкан сүрөтү интернет айдыңына желдей тараган. Ал гана эмес, папараццичилер кафенин сыртында Бибердин унаасы токтоп турганын да байкоосуз калтырышкан эмес. Андан соң журналисттер жылдыздардын жакындары аркылуу бул алардын соңку 1 айдын ичиндеги үчүнчү жолку жолугушуусу экенин аныкташканын жана Гоместин учурдагы сүйүктүүсү, жаш рэпер The Weeknd гастролдук турне менен башка жакта жүргөндүгү тууралуу маалымат таратышты. Азырынча аталган окуя боюнча жылдыздардын бири да расмий билдирүү беришпегени менен, алардын жакындары Гомес менен Бибердин кайрадан мамиле түзөрү толук мүмкүн экенин айтышкан.

Эске салсак, экс-түгөйлөр 2011-2015-жылдар аралыгында кыз-жигит болуп, эки башка жолго түшүшкөн соң бири-бири тууралуу ар түрдүү терс пикирлерди айтып жүрүшкөн. 2017-жылдын январь айынан тарта Селена Гомес рэпер The Weeknd менен мамиле куруп баштаганын ачыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан