Бабановдун фракциялаштары ал учурда кайсы жерде экенин билбей турганын айтышты

Бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгоду.

Аталган фракциядан депутаттар: Алтынай Өмүрбекова, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев Бабановго кылмыш иши козголгону боюнча кабардар эместигин SUPER.KG'ге айтышты. Ошондой эле алар Бабанов учурда кайсы жерде экенин билбей турганын билдиришти.

Айта кетсек, "Республика-Ата Журттун" лидерине карата кылмыш иши "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде козголгон. Тергөө иштерин УКМК жүргүзмөкчү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан