Бабанов дагы үн катты. "Мени саясий оюндарга аралаштырбоого чакырам" дейт ал

Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына багытталган кайрылуу жарыялады. Анда ал өзүн ар кыл саясий оюндарына аралаштырбоого чакырып, такталган маалыматты жазууну суранат. "Мен саясатта болбой турганымды айткам, элимдин алдында айтылган сөзгө турам", - деп жазылат постто.

15-январга карата БШК берген маалыматка ылайык, Өмүрбек Бабанов тарабынан мандатын тапшыруу боюнча арыз комиссияга түшө элек.

Эске салсак, 30-декабрда Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган.

4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан