Бүгүн, 14-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Казакстан Кыргыздын "Риха" компаниясынын азыктарын импорттоону токтотту. Бул чектөөсүн Казак тарап "Санитардык чараларды киргизүү менен эт азыктарын алып келүү жана сатууну токтотуу жөнүндө" токтомуна негиздеп жатат. Чектөөгө чейин жумасына бир жолу Казакстанга товар экспорттоп жаткан ишкана эми коӊшу өлкө менен алаканы үзүүгө аргасыз.
Башында чектөөлөр Казак тараптан гана жасалып жатса, эми Кыргыз тарап дагы кыр көрсөтүүгө өттү. Үч күн мурун Казакстандан алынып келе жаткан 300 миӊ жумуртканы "ЕАЭБдин талаптарына ылайык келбейт, ветеринардык документтери жок" деп артка кайтарып жиберди. 2 жыл өткөрүлүп жүрүп, эми гана "стандартка жооп бербей" калганы кызык. Ушул эле жагдай Казак тарапка да тийиштүү. Президенттик шайлоодон улам мамиле бузулбаса, балким, Кыргыздын продукциялары чек арадан мурдагыдай эле ээн-эркин өткөрүлө бермек. Жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков 8-ноябрда чет элдик ММКга берген маегинде Кыргыз-Казак кризиси убактылуу, чечиле турган иш экенин айтып элге үмүт берген эле. Жогорудагыдай окуялардан кийин кризис жумшарбай, күчөп бараткандай сезилет. Чек арадагы кырдаалдан Кыргыз тарап 3,5 миллиард сом зыян тартты деген маалыматтар чыкты. Бирок маалыматты өкмөт тастыктай элек. Ошол эле учурда Кыргыз тараптын чыгымын 1 айдан бери эсептеп бүтпөдү.
15-октябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев Казак жакын арада чек арасын ачпаса Евразиялык экономикалык союзга мүчө өлкөлөрдүн башчыларын кезексиз жыйынга чакырарын айткан эле. Андан бери 1 ай өттү, Атамбаевдин кызматтан кетерине 10 күнгө жетпеген убакыт калды. Андыктан ЕАЭБдин быйылкы төрагалык кылуучусу Кыргыз тарап альянстагы өлкөлөрдүн лидерлерин жыйынга чогултууга үлгүрбөйт. 10-ноябрда Кыргыз-Казак кризиси Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында каралып, айрым өлкөлөрдүн делегациялары эки тарапты көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырышты. Депутаттардын, эксперттердин пикирлеринен улам ой жаралат: Кыргыз өкмөтүндө Сооронбай Жээнбековдун тактыга келишин күтүүдөн башка арга калбады көрүнөт...
Бүгүн өлкөдө "Белизгейт" чуусунун башталганына 1 жыл толду. Өткөн жылдын дал ушул күнү УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевдин алдына барып, "Мегакомго" тийиштүү териштирүүлөрдө Белизден алынды делген документтерди көрсөткөн. Сегизбаев бул документтер 2012-жылы апрелде "Мегаком" компаниясынын ошол учурдагы акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык сумманы "Саутфилд" компаниясынын алышына оппозициялык "Ата Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов кызыкдар болгонун күбөлөй турганын билдирген.
"Ата Мекендин" депутаттары бул аракетти "саясий иш" деп атап, Сегизбаевдин колундагы документтер жасалма экенин айтып чыгышкан. Алмазбек Атамбаев эгерде Белиз окуясында "ата мекенчилердин" күнөөсүн далилдей албаса, анда Абдил Сегизбаев башы менен жооп берерин, кызматтан айдаларын убадалаганы көпчүлүктүн эсинде. Кийин аталган 3 депутатка Башкы прокуратура тарабынан башка иштер боюнча айып тагылып, Текебаев 8, Салянова 5 жылга кесилди. Шыкмаматов боюнча соттук териштирүү бүтүп, өкүм чыгуу алдында турат. Белгилей кетүүчү жагдай - Сегизбаев дагы, Башкы прокуратура дагы "Белизгейт" боюнча "Ата Мекендин" 3 депутатынын күнөөсү далилденгенин же далилденбей калганын айтып, расмий маалымат бере элек. Эгер далилденсе УКМК "ата мекенчилердин" айыбын ачкан документтерди көпкө жашырып жатмак эмес. Далилдей албаса, президент сөзүнө туруп, УКМК төрагасын жоопко тартса элден колдоо гана тапмак. Сегизбаевдин жоопкерчилиги жөнүндө Ак Үйдө сөз жок экенин жакында президенттин ага "генерал-майор" наамын бериши көрсөттү. Андыктан Белиз окуясы элдин эсинде аягы дайынсыз кеткен "мыкты сценарий" катары кала тургансыйт...