Казакстан 2017-жылдын 10-ноябрында чыккан "Санитардык чараларды киргизүү менен эт азыктарын алып келүү жана сатууну токтотуу жөнүндөгү" токтомго ылайык "Риха" компаниясынын продукцияларын алып келүүнү жана сатууну токтотту. Маалыматты SUPER.KG порталына аталган компаниядан ырасташты.
Маалым болгондой, чектөө компаниянын бардык продукцияларына киргизилген. Компанияга токтом тууралуу билдирме келип түшкөн. Чектөө киргизилгенге чейин "Риха" компаниясы жумасына бир жолу Казакстанга продукцияларын экспорттоп жатканы белгилүү болду.
Айта кетсек, казак басылмалары Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты коргоо комитетинин башчысы Жандарбек Бекшинге шилтеме берип чек арадан өткөн азык-түлүктүн сапатын кароо жана коопсуздук үчүн көзөмөл күчөтүлгөнүн жазышкан. Анда Кыргыз тараптын "Ак-Сүт", "РИХА", "Куликовский" жана "Эмилия" аттуу сүт, эт жана кондитердик азыктарын өндүрүүчүлөрдүн товарларын өткөрүүгө бөгөт коюу боюнча токтом кабыл алынганы кабарланган.