Улутук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаевге "генерал-майор" аскердик наамы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.