Нью-Йорктогу аукциондо италиялык сүрөтчү Леонардо Да Винчиге таандык "Дүйнөнүн куткаруучусу" деп аталган сүрөт 450 миллион долларга сатылды.
Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Бул сүрөтчүнүн жалгыз эмгеги жеке коллекционердин колунда сакталган. Аукциондогу сүрөттүн баасы дүйнөнүн сүрөт базарындагы эң кымбат баа деп аталды.
Аукционго картина 100 миллион доллар баштапкы баа менен коюлуп, жарым сааттын ичинде эле 400 миллионго жеткен. Жыйынтыгында полотно салыктык төлөмдөр жана аукциондук жыйымдарды кошкондо жалпы 450 миллион долларга бааланган.
"Дүйнөнүн куткаруучусу" деп аталган сүрөт 1500-жылдарга таандык. 17-кылымда ал Англиянын королу Карл Iдин карамагында болуп, кийин дайыны табылбай калган. Абалы начарлап, бузулган, автору көрсөтүлбөгөн бул сүрөт жыйырманчы кылымдын башында сүрөт базарларында кайра пайда болгон.
2005-жылы автору көрсөтүлбөгөн сүрөт АКШнын аймактарында өткөн аукциондо пайда болуп 10 миң долларга бааланганы айтылат. Ошондон бери бул сүрөт Да Винчинин чыгармачылыгын изилдөө боюнча адистердин көзөмөлүндө болуп, 3 жылдай реставрацияланган. 2011-жылы картинаны официалдуу түрдө Лондондогу улуттук галлереяда эл алдына тааныштырышкан.