Бишкек-Ош унаа жолунун 400-401-чакырымында аскалардан атайылап таш түшүрүү иштерине байланыштуу жол саат сайын чектөөгө алынууда. Таш түшүрүү иштери 14-ноябрда башталган. Эртең мененки саат 9дан түштөн кийинки саат 4кө чейин жол мезгил-мезгили менен жабылып жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматынан аталган иштер 22-ноябрга чейин уланарын жана жол жабылып турарын билдиришкен. Жүргүнчүлөргө таш кулатуу иштеринен улам этият болууларын министрликтен эскертишкен.