Биз социалдык тармакта

Аскат Алагөзов саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин акыркы билдирүүлөрүнө жооп берди

Бүгүн, 17-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин билдирүүсүнө жооп берип, Садыр Жапаров "Кыргызтесттен" өтпөй калган талапкерлерди өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма бербегенин билдирди.

Анын айтымында, президент жолугушуулардын биринде тесттен өтпөй калган талапкерлер мыйзам боюнча кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга укуктуу экенин гана айткан.

"Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес. Мисалы президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн Дастан Кадыров аттуу жараныбыз алгач тесттен өтпөй, кийин кайра тапшырганын социалдык тармактар аркылуу айтып чыкканын көрдүк. Бирок сертификатын белгиленген мөөнөткө чейин алууга жетишпей, документтерин тапшыра алган эмес. Эгер кимдир бирөөнү өткөрүү боюнча тапшырма берилген болсо, анда бул жагдайды кантип түшүндүрүүгө болот?
Президент бардык талапкерлер үчүн мыйзам чегинде бирдей шарттардын болушун, шайлоонун ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүшүн колдойт. Мурда да баса белгилегенибиздей, шайлоо өнөктүгү башталды. Алдыда ар кандай саясий билдирүүлөр, бири-бирине карама-каршы пикирлер, ушак-айыңдар дагы көп болот. Бул саясий атаандаштыктын ажырагыс бөлүгү. Андыктан шайлоо мезгилиндеги ар бир билдирүүнүн артында белгилүү бир саясий кызыкчылыктар да турушу мүмкүн экенин эстен чыгарбайлы",- деп жазды Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан