
Бүгүн, 17-ноябрда Ош базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде "Ош базарында" жапайы канаттууларды капаска камап, сатуу фактысы аныкталды. Тактоо иштеринин жүрүшүндө жаран тарабынан жашыл таранчы (зеленушка) жана боз баш щегол (седоголовый щегол) аттуу жапайы канаттуулар мыйзамсыз сатылып жатканы белгилүү болду.
Натыйжада канаттуулар капастан чыгарылып, эркиндикке коё берилди. Ошондой эле жарандын социалдык абалына байланыштуу эскертүү гана берилгени маалымдалды.