Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевден тик учак тоолуу аймактарга түнкүсүн конуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сурады.
"Түнкүсүн тик учак биздин тоолордо, Ала-Арчада коно албайт деген сөздөрдү уктум. Ушул боюнча айтып бересизби?", - деп кызыкты эл өкүлү.
Буга жооп катары министр 9-ноябрда жүргүзүлгөн издөө иштеринде аба ырайынын катаал шартынан улам тик учак жерге коно албай калганын билдирди.
"Биз күндүз учтук. Аба ырайынын катаал шартында тик учак жерге коно алган жок. Ошол күнү баланы тапкан жерге да коно албай койду. Түнкүсүн учуу экипаждын коопсуздугуна да байланыштуу", - деди Чыныбаев.