Биз социалдык тармакта

Эстеп калууга оңой номер: Beeline жаңы 0600 алты жүзүнчү кодду ишке киргизди

Бактылуу сан, туулган күнүңүз, үйлөнүү үлпөтүңүздүн датасы же сандардын кооз айкалышы — сиз кайсы номерге ээ болгуңуз келет? Beeline мамлекеттик мобилдик оператору бардык абоненттер үчүн номерлердин кеңири тандоосу менен жаңы 0600 кодун ишке киргизди.

0600 жаңы коду Beeline бардык тарийтеринде жеткиликтүү. Ылайыктуу номерди стандарттык номерлерден тартып платина номерлерине чейинки ар кандай категориялардан тандап алууга болот:

  • «Стандарт» — 0 сом
  • «Күмүш» жана «Күмүш Плюс» —300 сомдон 500 сомго чейин
  • «Алтын» жана «Алтын Плюс» — 3000 сомдон 5000 сомго чейин
  • «Платина» —7500 сомдон жогору.

Өзүңүзгө же жакындарыңызга белек катары 0600 коду менен эсте каларлык номерди Kolumda Beeline тиркемесинен, beeline.kg сайтынан же сатуу жана тейлөө кеңселеринен тандап алыңыз.

Жаңы номерди жаңыга кантип алмаштырууга болот:

  1. Beeline.kg сайтында "Кооз номерлер" бөлүмүн ачыңыз.
  2. Каалаган комбинацияңызды терип, номерди тандаңыз.
  3. Учурдагы номериңиздин балансын тандалган номердин категориясынын баасын төлөөгө жана номерди алмаштырууга жетиштүү суммага толуктаңыз.
  4. Тандалган номерди он орундуу форматта көрсөтүп, *255*1*номер# командасын териңиз. Мисалы, 0600 000312 номерин алгыңыз келсе, *255*1*0600000312# командасын териңиз.

SIM-карта активдештирилгенден кийин номерди биринчи жолу алмаштырууда тандалган категориянын гана баасы төлөнөт. Номерди ар бир кийинки алмаштыруу 100 сомду жана тандалган категориянын баасын түзөт. Номерди 24 сааттын ичинде бир гана жолу алмаштырууга болот.

Жаңы номерди кантип кошууга болот:

  • eSIMге. Kolumda Beeline тиркемесинен «eSIMди онлайн туташтырыңыз» баннерин, андан соң «eSIMди тариздөө» баскычын басыңыз. Номер тандоо функциясын пайдаланыңыз же номерди кол менен киргизиңиз. Каалаган номериңизди жана тарифти тандаңыз. Каттоодон өтүңүз.
  • Физикалык SIM-картага. Вeeline.kg сайтындагы «Абонент болуу» бөлүмүнөн «Физикалык SIM-карта» туташтыруу вариантын тандаңыз. Каалаган сандардын комбинациясын киргизип, өзүңүзгө жаккан номерди жана тарифти тандаңыз, аты-жөнүңүздү жана байланыш номериңизди көрсөтүңүз. Тариздөө жол-жобосун аяктоо үчүн 24 сааттын ичинде Beeline компаниясынын каалаган кеңсесине кайрылыңыз.

Телефон номери — бул жөн гана сандар эмес, бул сиздин жеке стилиңиздин бир бөлүгү. Beeline компаниясынын жаңы 0600 коду менен өзүңүзгө идеалдуу номерди табыңыз.

Beeline — жаркын жакта жаша!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан