SUPER.KG порталы 12 жашта! Сиздин ишенимдүү маалымат-маанайшат портал 2005-жылы 28-ноябрда каттоодон өткөн. Бул жөн эле дата эмес келечеги кең, ийгиликтүү порталга айланып, окурмандарга жагымдуу кабар, музыка, кызыктуу тасмаларды тартуулоочу булактын башталышы. 12 жылда кыргыз тилдүү сайттардын сап башына чыга алган портал азыркы учурда күнү-түнү окурмандардын кызыкчылыгы үчүн иштеп келет.
2006-жылы 28-мартта SUPER.KG порталы иштеп баштады. Алгач анда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган Кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон.
Ошол жылдын 29-декабрында сайтта "Суперстан" иштей баштаган. Кыргыз тилиндеги форум жаштардын ой бөлүшүүсүн шарттап, чет жерде жашаган Кыргыз жарандарынын өз ара алакасын камсыздады.
Эки жылдан кийин "Медиа-портал" ишке кирген. Ошол эле жылы "Супер ТВ" бөлүмү иштеп баштаган.
Андан соң портал "Элдик видео" жана "Жылнаама" менен толукталды.
Маалыматтын казаны кайнап, күч алган кезде 2012-жылы 24-октябрда "Соңку кабар" бөлүмү ишке кирип, алгачкы кабар жазылды. Бул бөлүмгө Кыргыз жеринде жана чет жерде катталган актуалдуу, кызыктуу жаңылыктар жайгаштырылат. Журналисттерибиз өнөр ээлери менен спортчулар, коомдогу жана саясий чөйрөдөгү актуалдуу окуялар, үрөй учурган кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазып, сунушташат.
2014-жылы 2-майда портал "Кинозал" бөлүмүн ишке киргизип, кино сүйүүчүлөрүнүн күнү тууду. Жарык көргөн кыргыз тасмалар порталга жүктөлүп, колдонуучулар үй кинотеатрына ээ болгондой эле болушту. Бул бөлүм үй кожойкелеринин, кары-жаштын ынак досуна айланды.
2014-жыл. 2-декабрь. Портал бир учурда сайтка киргендердин саны боюнча жеке рекордун жаңылап, 15 мүнөт ичинде сайтка 35 710 колдонуучу баш бакты.
Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталы элдин үнүн бийликке, бийлик үнүн элге жеткирген көпүрө болуп калды. Катталгандардын саны 2014-жылы 40 миңден ашса, бүгүнкү күндө 80 миңден ашат. Бир айда сайтыбызга 32 миллиондон ашуун кароо болот. Бул профессионалдардан турган команданын гана эмес, кыргыз тилдүү элибиздин жетишкендиги деп эсептөөгө болот.
Өнүгүү жолундагы порталдын ишке кириши, ийгиликтери, 12 жыл аралыгындагы урунттуу учурлары тууралуу шилтемеден окуй аласыздар.
28-ноябрдын жылнаамасы.