Испаниялык "Барселона" футболдук клубунун жылдызы Лионель Месси каталондук клуб менен жаңы келишим түзгөн соң, дүйнөнүн эң көп маяна ала турган футболчусу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жаңы келишимдин негизинде Месси жылына 43 миллион евро маяна алат. Бул көрсөткүч менен ал дүйнөнүн эң көп маяна ала турган футболчусу болот. Буга чейин эң көп маяна алган футболчу Неймар болуп келген. Тактап айтканда, ушул жылдын жай мезгилинде франциялык "ПСЖ" клубуна 222 миллион еврого өтүп, келишим боюнча жылына 36,7 миллион евро маяна алары белгилүү болгон. Ал эми испаниялык "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жылына 34 миллон евро маяна алат.
Маалымдай кетсек, Лионель Месси "Барселона" клубу менен келишимди 2021-жылга чейин узарткан. Анын негизинде Мессини келишим бүткөнчө сатып алуу 700 миллион еврого бааланган.