Кыргыздын жаш хоккейчилери АКШда өтүп жаткан "Barrington Ice Arena 2017" Кубогунда Чикаго шаарынын курамын жеңип алышты. Бул тууралуу Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген мектебинен билдиришти.
Маалыматка караганда, оюн кечээ, 2-декабрда өтүп, анда Кыргыздын жаш хоккейчилери Чикаго шаарынын курамын 9:3 эсебинде утуп алышкан. Ал эми Чикагонун "Ice Dogs" клубуна 7:11 эсебинде утулуп калышкан.
Айта кетсек, жаш спортчулар АКШнын Чикаго шаарында 1-8-декабрь аралыгында өтүп жаткан хоккей боюнча эл аралык мелдешке катышып жатышат.
Бул мелдеш 2008-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр арасында өтөт. Ага АКШ, Орусия, Канада өлкөлөрүнөн келген командалар да катышат.