АКШда өткөн хоккей боюнча "Barrington Ice Arena 2017" эл аралык турниринде жеңишке жетишкен Кыргыз өлкөсүнүн жаш хоккейчилери Бишкекке келишти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Жаш хоккейчилерди "Манас" эл аралык аэропортунан шаар мэри Албек Ибраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын президенти Анвар Өмүрканов жана жеңүүчүлөрдүн жакындары тосуп алышты", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, жаш спортчулар АКШнын Чикаго шаарында 1-8-декабрь аралыгында өткөн хоккей боюнча эл аралык мелдешке катышкан. Кыргыздын жаш хоккейчилери алгач Чикагонун "Ice Dogs" клубуна 7:11 эсебинде утулуп калышкан. Кийинки оюнда Чикаго шаарынын курама командасын 9:3 эсебинде утуп алып жеңишке жетишкен.