"Бишкек шаары боюнча, мен билгенден эс алуу күндөрү ооруп калган балдарды бир гана №3-бейтапкана кабыл алат. Бүгүн эле 50дөн ашык ата-эне балдары менен кабыл алууга кезек күтүп турушат", - дейт окурман. Бул тууралуу ал "Элдик кабарга" билдирди.
"Башка ооруканаларда деле кабыл алуу бөлүмдөрүн ачып койсо болбойбу? Шаарда жайгашкан 4 райондогу 4 бейтапканага кабылдама ачып койгондо мынча кезек күтүү орун албайт болчу. Миллионго жакын калкы бар баш калаада 1 гана кабыл алуучу бейтапкана болушу жетишсиз. Балдары ооруп калган ата-энелер абдан кыйналышат", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.