Сиздерге кубанычтуу кабар айтууга шашылабыз! 2017-жылдын 16-декабрында "Vizitka Osh – жыл тандоосу" журналынын версиясы боюнча “Оптима банк” ААКсынын Ош шаарындагы №1 филиалын “Жылдын мыкты банкы” наамы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү. Басылма бизнес жана маданият жаатындагы ийгиликке жетишкен адамдарды, рынокто өз ордун тапкан туруктуу компанияларды тандап алган.
Бул сыйлык татыктуу жеңиштин жана талбаган ак эмгектин символу болуп эсептелет. Жеңүүчүлөр редакциянын vizitka.kg сайтында жарандардын жана шаардын меймандарынын көз карандысыз ачык добуш берүүсү аркылуу аныкталган.
Биз мындай артыкчылыктуу сыйлыкты алып жатканыбызга абдан кубанычтабыз, ал биздин бренд менен башкаруунун натыйжалуулугун белгилейт жана “Оптима банктын” жогорку деңгээлде таанымал болгондугун көрсөтөт. Бизди тандап жана бизге ишеним арткан бардык катышуучуларга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.