
Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын соодагерлеринин митингге чыгышы боюнча облустук милиция маалымат берди.
Маалыматка ылайык, бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда аталган маселе тиешелүү жетекчилерге жеткирилип, аны жөнгө салуу боюнча сунуштар каралууда.
Милиция жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана окуяга байланыштуу маалыматтарды расмий булактардан алууга чакырат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 18-ноябрда аталган базарда иштеген соодагерлер ижара акысынын кымбатташына жана башка маселелерге байланыштуу Кара-Суу райондук администрациянын имаратынын алдына
чогулушкан.