
«Элдик Банк» ААК жеке жактар үчүн сунушталган «Сандык», «Сандык Плюс» жана «Балакай» депозиттик продуктулары боюнча пайыздык чендерди жогорулатканын маалымдайт. Жаңыртылган шарттар кардарларга өз аманаттарынан көбүрөөк киреше алууга мүмкүнчүлүк берет.
Депозиттер боюнча жаңы пайыздык чендер:
«Сандык» мөөнөттүү депозити:
Натыйжалуу пайыздык чен (НПЧ) — 13,06%га чейин.
Толуктоо мүмкүнчүлүгү бар «Сандык Плюс» мөөнөттүү депозити:
Натыйжалуу пайыздык чен (НПЧ) — 12,56%га чейин.
«Балакай» балдар депозити:
Депозит баланын келечеги үчүн каражат топтоого арналган жана 18 жашка толгонго чейин баланын атына ачылышы мүмкүн.
Натыйжалуу пайыздык чен (НПЧ) — 11,04%га чейин.
Бардык депозиттик продуктулар улуттук валютада — кыргыз сомунда (KGS) ачылат.
Депозиттерди ачуу шарттары, каражаттарды жайгаштыруу мөөнөттөрү жана пайыздык чендер тууралуу толук маалымат «Элдик Банк» ААКнын расмий сайтында жеткиликтүү.
«Элдик Банк» кардарлардын аманаттарын сактоо жана көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо менен депозиттик продуктуларын өнүктүрүүнү улантууда.
9111
https://eldik.kg/ru/news/deposit-rates-have-risen
КРУБ лиц. №033