Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдөн 500 метрди түзгөн 5 даана эски тор чыгарылды

Бүгүн, 18-ноябрда Ысык-Көлдүн аймагынан мыйзамыз балык уулоону аныктоо жана суунун тазалыгын коргоо максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Тоң жана Ысык-Көл райондорундагы көлдөн эски балык уулоочу торлордон табылды. Натыйжада суудан жалпы узундугу 500 метрди түзгөн 5 даана эски тор чыгарылды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, көлдүн экологиялык абалын сактоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча рейддерди улантары маалым болду.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 16-ноябрында Министрлер кабинети Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрүштүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизүү боюнча токтом кабыл алды. Бирок бул бардык балык уулоого толук тыюу салынды дегенди билдирбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан