Биз социалдык тармакта

Каныбек Туманбаев Кара-Сууда митингге чыккан соодагерлер менен жолукту (видео)

Бүгүн, 18-ноябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын соодагерлери менен жолукту.

Анда ал соодагерлердин маселелерин угуп, базардын жаңы куратору катары Мирбек аттуу жаранды тааныштырып, маселени ошол чече турганын билдирди.

"Мурунку келишимиңер боюнча ишти ушул бала бүтүрөт. Эртең кол коюшуп, төлөмдөрүңөр мурда канча төлөп жаткан болсоңор, ошол боюнча улантасыңар",- деп кошумчалады Туманбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган базарда иштеген соодагерлер ижара акысынын кымбатташына жана башка маселелерге байланыштуу Кара-Суу райондук администрациянын имаратынын алдына чогулушкан.

Каныбек Туманбаев Кара-Суудагы соодагерлер менен жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан