Шыкмаматовдун соту. Сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешме залына кирип кетти

Депутат Алмамбет Шыкмаматов, ишкер Али Юксел жана Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев Биринчи Май райондук сотунда отурумдагы акыркы сөздөрүн сүйлөштү. Андан кийин ишти карап жаткан сот Айбек Эрнис уулу өкүм чыгаруу үчүн кеңешме залына кирип кетти. Бирок өкүм 3 сааттан соң чыгарын айтты.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовго коюлуп жаткан айыптар боюнча өзүнүн аргументтерин келтирип, Шыкмаматовду 8 жылга калган эки айыпталуучуну 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап сот залынан камакка алууну соттон сураган. Ал эми эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов ага коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, ага козголгон кылмыш ишти "саясий кысым" катары баалап келет.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KUBI
2017-12-19 15:28:05
8 жылга камайт экен да.
0
gute
2017-12-19 15:39:36
Окум чыгарганы кетти деп жазбай эле. Шеф менен суйлошкону кетти деп жазсанар туура болот )))
0
Adiletia
2017-12-19 15:47:31
Азыркы соттор ак боло албайт. Анткени алардын үстүндө өтө начар кара ниет, кыргыз эл душманы турат, тозоко сураксыз кетүүчү адам турат, өмүр бою тозокто калуучу адам турат.
0
urmat94
2017-12-19 16:15:41
Дагы эрнистин уулубу камайт дагы эс алганы кетет анан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан