Сапар Исаков Кыргыз өкмөтүн жетектеп жатканына 4 айдын жүзү болду. Анын премьерлик биринчи, экинчи жана үчүнчү айында өкмөттө кандай өзгөрүүлөр, жаӊы аракеттер, жетишкендик жана кемчиликтер болгонун SUPER.KG буга чейин жазган. Бүгүнкү сөз Исаковдун 4-айы жөнүндө.
КӨМҮРДҮН БААСЫ КӨЗӨМӨЛДӨ
Өкмөт жетекчиси Сапар Исаков 25-ноябрда өлкөдө көмүрдүн баасын негизсиз кымбаттатууга жол бербөө, бааны күн сайын текшерип туруу тапшырмасын берди. Көмүрдөн тышкары, элдин күнүмдүк тиричилигине зарыл товарлардын да кышында кымбаттап кетүүсүнө жол бербөө керектигин айтты. Азырынча баалар туруктуу кармалууда. Көмүрдүн баасы - жыл сайын кышында көтөрүлүп туруучу маселе. Сатуучулар түрдүү факторлордон улам бааны негизсиз көтөрүп жиберген фактылар кездешет. Кыргыз-Казак кризисинен улам Казакстандан өлкөгө көмүр жеткирүү чектелип, бааны көтөрүү аракети байкалды. Быйыл Баткенде көмүрдүн баасы 1 тоннасына 7000 сомдон, Нарында 4250 сомдон ашпасын деген талап коюлган. Башка аймактар боюнча да баалар бекитилген. Кырдаалды Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көзөмөлдөөдө.
АЯЛДАРДЫН ЖАНА БАЛДАРДЫН УКУГУН КОРГОО
Кыргыз жеринде 27-ноябрда "Гендердик зомбулукка каршы активдүү 16 күн" аттуу эл аралык акцияга старт берилди. Иш-чаранын ачылышына Сапар Исаков катышты. Өкмөт жетекчиси аталган маселе комплекстүү каралып, чечилиши керек деп эсептейт. Өкмөт жетекчиси балдар менен аялдарды зомбулуктан куткарууга коомду биргелешип күрөшүүгө чакырды. "Жаркын келечек өлкөдө адамдардын укугу мыкты корголгон шартта гана курулат", - дейт өкмөт башчы. Бул акция өлкөдө дин аалымы Чубак Жалиловдун көп аялдуулук жөнүндө билдирүүсү, аялдардын укугу негизги темага айланып турган учурга туш келди. Бул арада Исаков журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө көп аялдуулукка каршы экенин билдирди.
2018-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИ БЕКИТИЛДИ
29-ноябрда Сапар Исаков Жогорку Кеӊешке 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоорун алып келип, тааныштырды. Бардык өкмөт башчылардай эле Исаков дагы бюджетти аткарууну артка тарткан министрлик, мекемелердин жетекчилери кызматтан алынарын айтты. Депутаттар мыйзам долбоорун колдоп беришти. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 2018-жылга карата 158 миллиард 398 миллион сом көлөмүндө же ички дүӊ өнүмгө карата 29,4 пайыз деңгээлде болжолдонууда. Бюджеттин тартыштыгы 20 миллиард 267 миллион сомду түзүүдө. Алдыда көйгөй жаралышы мүмкүн, анткени Саламаттыкты сактоо, Билим берүү, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери кошумча каражат керектигин айтып эмитен коӊгуроо кагып жатышат. Социалдык өнүгүү министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге акы төлөөгө бюджеттен кошумча 410 миллион сом бөлүүнү сунуштады эле, Исаков бул сунушту 2018-жылдын 1-январынан тарта аткаруу мүмкүн эместигин билдирди. Жыйынтык кийинки жылы талкууланат.
ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕ
Сапар Исаков 1-декабрда Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышты. Уюмга мүчө мамлекеттердин премьерлери уюмду өнүктүрүү, аймактык маанилүү маселелерди талкуулашты. Жыйын алкагында Кыргыз премьери Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян, Ооганстандын Аткаруучу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла жана Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Өкмөт башына дипломатия тармагынан келген Исаковдун сырттагы сапарлары азырынча олуттуу сын-пикир жарата турган окуяларсыз өтүүдө.
КОРУКТА ДАРАКТАР КЫЙЫЛБАСЫН ДЕДИ
5-декабрда Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына, Ысык-Көл облусунун жетекчисине тез арада Жууку капчыгайында дарактардын кыйылышы жөнүндө маалыматты текшерүү тапшырмасын берди. Капчыгайда жана корук аймактарында дарактарды кыюуну токтотууну, мыйзам бузгандарга катаал жаза көрүүнү буюрду. Өлкөдө соӊку жылдары дарактардын кыйылышы дайым сын-пикир жаратууда. Мисалы, быйыл жайында Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруунун алкагында жол жээгинде дарактарды кыюу башталган. Жолду кеңейтүү үчүн жалпысынан 3 миң дарак кесилип, ордуна 4300 көчөт отургузулары айтылды. Буга чейин Ысык-Көлдө Рапопорт аллеясындагы дарактардын кыйылышы талкуу жараткан. Бишкек шаарында да имарат же жолдун курулушу үчүн дарактар кыйылып жатат. Убада кылынгандай, кыйылган дарактардын ордуна көчөт отургузулабы, жокпу жазында билинет.
ЖАШ ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРГӨ ШЫК ЖАНА ДЕМ БЕРҮҮ
Премьер-министр 5-декабрда менталдык арифметикадан “Super Champion” наамын жеӊип алган Нурхан Таштанов менен жолугушту. Нурханды жеңиши менен куттуктап: "Биз Кыргыз мамлекетинин желегин дүйнөлүк мелдештерде көтөрүп жаткан Нурхан сыяктуу балдарыбыз менен сыймыктанабыз", - деди. Эскерте кетсек, Нурхан Таштанов 1-октябрда Таиландда өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчини алып "Super Champion" наамына татыган.
9-декабрда Сапар Исаков АКШда өткөн "Barrington Ice Arena" турниринде "Алга Бишкек" шайбасы менен 1-орунду жеңип алышкан Бишкек шаарынын жаш курама командасы менен жолукту. Өкмөт башчы жаш спортчуларды турнирдеги ийгиликтери менен куттуктап, алар ата мекендик спорттун жаңы тарыхый барагын ачып жатканын белгиледи. Иш графигинин тыгыздыгына карабай Сапар Исаковдун балдар үчүн убакыт таап, аларга дем берип жатканы жылуу пикирлерди жаратты.
ЖАШ ПРЕМЬЕР БУГА ЧЕЙИНКИ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРДАН АЙЫРМАЛАНДЫ
Сапар Исаков 7-декабрда өкмөт башчынын "Facebook" түйүнүндөгү расмий баракчасына дайым сунуш-пикирлерин жазып жүргөн активдүү жарандар менен жолугушту. "Сиздер коомдогу кемчиликтерди көрсөтүүнү уланта берүүңүздөрдү каалайм. Өкмөттүк аппаратта атайын бөлүм түзүлгөн, ал айтылган көйгөйлөр боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү менен алектенет", - деди жарандык активисттердин аракетине ыраазычылык билдирген премьер.
Сапар Исаковдун өкмөтү элге ачыктыгы менен айырмаланууда. Өзүнүн айтымында, күн сайын өкмөт башчынын "Facebook" баракчасына 50гө жакын маалыматтар түшөт. Мурдагы өкмөт башчылардан айырмаланып, Исаков жаш муундун өкүлү катары интернеттеги талкууларга, сунуштарга жана сындарга кулак төшөөгө аракет кылууда.
ОРТО-ТОКОЙ ЖАНА 4 ПАНСИОНАТ
13-декабрда Сапар Исаков Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүү буйругуна кол койду. "Пансионаттар жайгашкан жер тилкелер кыргыз тарапта калат жана убактылуу пайдаланууга берилет. Өзбек тарап пансионаттарды 3 же 4 жылдыздуу мейманкана деңгээлине жеткирүү милдетин алат. Курулуш убактысында Кыргыз жарандары жумушчулардын 80 пайыздан кем эмес санын түзүүсү керек. Макулдашууларга ылайык, өзбек тарап эл аралык арбитраждык соттон доо-арызын кайтарып алышы керек", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында. Эске салсак, 2016-жылы Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү 4 пансионатын Кыргыз мамлекетине өткөрүлгөнүн жар салган. Мындан кийин Өзбекстан Кыргызды эл аралык сотко берген. Пансионаттарды Өзбекстанга кайтарып берүү чечими кескин сындарга кабылды. Бул арада өкмөт Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен орток пайдаланууну караган келишимди сунуштап, Жогорку Кеӊеш ратификациялады. Келишимде Орто-Токойдогу суунун 92 пайызын Өзбекстан пайдаланары, чыгымдын да 92 пайызы Өзбек тарап төлөй турганы жазылган. Мындан тышкары, башкаруу укугу Кыргыз тарапка өтөт. Келишимдин толук шарттарын бийлик элге ачык жарыялай элек, ошондуктан азыркыга чейин элде күмөн ойлорду жаратууда.
ЖӨЛӨК ПУЛ ЧЫНЫГЫ МУКТАЖДАРГА ГАНА БЕРИЛСИН ДЕДИ
Премьер-министр 14-декабрда 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү "Жөлөк пул мыйзамы" боюнча кеңешме өткөрдү. Жаӊы мыйзамга ылайык, жөлөк пулдун үч түрү бар: бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү жөлөк пул, 3 жашка чейинки балага ай сайын берилүүчү жөлөк пул жана 3 жаштан 16 жашка чейинки үч же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул. Буга ылайык, 3 жаштан жогору 2 баласы барлар жөлөк пул ала албай калышат. Ушул нормага каршы жер-жерлерде митингдер өтүп, Сапар Исаков жаӊы мыйзам күчүнө кирсе жөлөк пул албай калуучу үй-бүлөлөрдү изилдеп чыгуу тапшырмасын берди. Алдын ала эсептөөлөрдө 30 миӊ бала жөлөк пулсуз калары белгилүү болуп, мыйзамга толуктоо киргизүү үчүн өкмөт аталган мыйзамды күчүнө киргизүү мөөнөтүн 3 ай артка жылдырууну сунуштады. Демилге парламентте 1-окуудан колдоо тапты. Исаков жөлөк пулдун максаты жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо болушу керек, мамлекеттик колдоону чыныгы жардамга муктаждар гана алышы керек, ал үчүн мыйзамды дагы иштеп чыгышы керектигин айтып жатат.
КӨК БӨРҮ ЮНЕСКОнун ТИЗМЕСИНДЕ
Декабрь айында Көк бөрү оюну Кыргыз Республикасынын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди. 20-декабрда Сапар Исаков бул эмгектин артында турган жумушчу топту сыйлады. Жумушчу топтун курамына тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова, Кыргыздын ЮНЕСКОдогу өкүлү жана башкалар кирген. "Бул жалпыбыз үчүн чоң жеңиш. Мен сиздердин мындан ары да Кыргыздын атын алыска чыгарган ушундай демилгелерди алдыга жылдырууңуздарды каалайм", - деди Исаков. Өкмөт жетекчиси муну менен улуттук баалуулуктарга өзгөчө мамиле жасаларын, ар бир жетишкендик өкмөттүн көзөмөлүнөн тыш калбай турганын билдирди. Буга чейин "Манас" үчилтиги аталган уюмдун тизмесине кирген. "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОго киргизген демилгечи Карганбек Самаков жакында соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылды.
МЕДИЦИНА: САН ЭМЕС, САПАТ МААНИЛҮҮ
Премьер-министр 22-декабрда ЖОЖдогу медициналык факультеттердин сапатын жакшыртуу зарылдыгын айтып чыкты. "Бардык эле медициналык факультеттер клиникалык базага ээ эмес. Мени кызыктырганы, клиникалык базага ээ болбой туруп, алар кандайча билим берүүдө? Биз бул маселени иликтеп чыгышыбыз керек. Эгерде жогорку окуу жайдагы медициналык факультеттердин клиникалык базасы болбосо, алардын лицензиясы алынат", - деди Исаков. Өлкөдө дарыгерлердин жалпы саны акыркы 10 жылда 9,8 пайызга жогорулаган. Сапар Исаков сан эмес, сапат маанилүү экенине басым жасоодо.