Сот аткаруучулар НТС телеканалынын мүлктөрүн каттоого алып башташты

Сот аткаруучулар НТС телеканалынын мүлктөрүн каттоого алып башташты. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда аталган каналдын юристи журналисттерге билдирди.

"Учурда сот аткаруучулар мүлктөрдү каттоого ала башташты. Алар мүлккө болгон ишеним башкарууну бизге өткөрүп берсе, каналдын жабдыктарын колдоно берсек болот. Эгер башкага өткөрүп бере турган болсо, анда биз каналдын жабдыктарын колдоно албай калабыз. Сот аткаруучулар кандай чечим чыгарышат ал белгисиз", - деди юрист.

Айта кетсек, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.

Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин маалыматына караганда, НТС телеканалынын мүлктөрүн камакка алуу боюнча аныктаманы Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2017-жылдын 19-декабрында чыгарган. НТС телеканалынын жетекчилиги менен келишилген сүйлөшүүгө ылайык, соттун аныктамасын аткаруу 20-декабрга жылдырылган болчу.

Айта кетсек, НТС телеканалы депутат Өмүрбек Бабановго таандык делет. Ушул жылдын 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KUBI
2017-12-20 13:46:39
Мурда бабанов барда албайт беле. Эмне деген заман.
+2
Kyrgyz06
2017-12-20 14:22:45
рейдерлик басып алуу вечерний Бишкек,Эми НТС бийлик коррупционелер жанынар да журушот корбой жатасынарбы,элдин да.унун уккула силер эле байып жатасынар карапайым эл журот силерди байытып Бакинвден Акаевдан эч айырманар жок болуп кеттинер2010 жылы Берген убадаларды унуттунар Шералынын чокоюун эстегиле Бакиевдер да айтышкан он беш жыйырма был бийлик биздики.деп азыр кайла алар силердин жанынарда Бакиевдин куйруктары журот абайлагыла плов жеп калбагыла чогу олтуруп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан