Президенттин өкүлү: "НТС боюнча маселе мыйзам жолу менен чечилиши керек"

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар НТС телеканалынын айланасындагы окуя тууралуу сөз сүйлөштү.

Депутат Жанар Акаев НТС телеканалын күтүүсүздөн басып алуу аракети болгонун айтты. "Телеканалды басып алуу аракеттери болду. Бул туура эмес. Кыргыз мамлекетинде жалгыз байлыгыбыз сөз эркиндиги. Ошондо жалгыз байлыгыбыздан дагы айрылабызбы? Ошол НТC телеканалынын үстүнөн арызданган "Grexton capital LTD" компаниясы Максим Бакиевдин жакын адамдарына тийиштүү экен. Эми биз саясий оппоненттерди жок кылуу үчүн Максим Бакиевге күнүбүз түшүп калдыбы? Же саясий оппоненттер Максим Бакиевден дагы кооптуу болуп калдыбы? Атаандаштардын мүлктөрүн талап-тоноп, басып алуу болбош керек. Бул жакшы жолго алып барбайт", - деди Жанар Акаев.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев маалымат каражаттарына болгон чабуулду токтотууну президент Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алуусу керектигин айтты.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев аталган маселе боюнча кабарды маалымат каражаттарынан гана окуп жатканын билдирди. "Мен аталган каналдын имаратынын жанында жашайм. Ал жерде кооптоно тургандай эч нерсе байкаган жокмун. Абал тынч эле болуп жатат. Айлана-тегерегиндеги, ичиндеги талаш-тартыштар сот алкагында каралышы керек. Бул маселе мыйзам жолу менен чечилиши керек", - деди Абдылдаев.

Айта кетсек, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.

Сот департаментинин маалыматына караганда, НТС телеканалынын мүлктөрүн камакка алуу боюнча аныктаманы Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2017-жылдын 19-декабрында чыгарган. НТС телеканалынын жетекчилиги менен келишилген сүйлөшүүгө ылайык, соттун аныктамасын аткаруу 20-декабрга жылдырылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан